мекчей

китептерде 8 жолу, 6 китепте
  1. Көөдөнү алга жүткүнүп, бели кайкалаган абалда болуу.
  2. Ч оң тойгондо эңкее албай кекирейип калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…уу балбан кептенип, / Беттеп кирди кекеңдеп, / Алмак-салмак теминип, / Эки буту тепеңдеп, / Ирмебей көзү чекчейип, / Киндигин тартып, бел түйүп, / Кууратам деп мекчейип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бели арка мекчейип, / Эки көзүн карасаң, / Тышына чыгып чекчейип, / Томоро сайып кетчүдөй, / Ээрдин кесе тиштенип, / Кыпкызыл болуп кан агып, / Өлгөнгө жакын эки зор, / Намыстан жаны карарып, / Алгараны камчылап, / Атырылды алактап, / Эки буту салактап, / Айкөл Манас тогошту, / Алдынан тосо шарактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…и сайып алам деп, / Куунайза келет сүйүнүп, / Алты жолборс, алты шер, / Куткарбастын жанында, / Кошо келет жүгүрүп, / Чойтолоң менен Тазкара, / Жолборсту карап мекчейип, / Кирпик какпай чекчейип, / Кара жандан түңүлүп, / Өлүм жактан шектенип, / Эр Тапакка Куунайза, / Чылбыр бойу калганда, / Сейит кирди тап берип, / Манастан ур… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…ининен ашып желпилдеп, / Муруттары тиктелип, / Бетинен чыгып сары түк, / Дегеле жаман түктөйүп, / Алынбаган башта чач, / Жалдуу айгырдай үксөйүп, / Ийилип бели мекчейип, / Эки көзү чекчейип, / Жүгүрдүм дейт ойунда, / Жыгылчудай сенделип, / Көрүп туруп Гүлүстөн, / Сай-сөөгү кетти бадырап, / Ээрдин кесе тиштенип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Беш күндөн кийин мекчейип, / Кайненси баспады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →