мекке
- Сауд Аравиясындагы мусулмандардын ыйык шаарынын аталышы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
— Мухаммед сунган шарийат, / Ак селдесин оронуп, / Акундар айткан тарийкат, / Алы келсе бүтүрчү, / Мусулманда маарыпат, / Ченине жеткен жери экен, / Ченеми анын акыйкат, / Эч кишинин жок болсо, / Мойнуна түшкөн кыйын карз, / Алмам айаш, билесиң, / Андан кийин Мекке парз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ачкадан боору эзилип, / Айнектей көзү сүзүлүп, / Керсаргыл тартып ыраңы, / Кетүүчүдөй үзүлүп, / Арман кылат эр Алмаң, / Азаптана үшкүрүп: / “Меккени алдым бетиме, / Өлүмдү алдым нээтиме, / Каралашкан казагым, / Казагым берип азабым, / Каңгып жүргөн бир жаным, / Кайсы жолду басамын?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алп Бозойдон ат минип, / Анча-мынча тон кийип, / Алдындагы атынын, / Куйругун ача шарт түйүп, / “Сурай-сурай Меккеге, / Барат” деген чын экен, / Келе жатат Сомбилек, / Кубулжуп түркүн бастырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →