мекенде

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Турук алуу, жашоо, байыр алып туруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Хан Мамай ошол өлгөндө, / Калк чогулуп көмгөндө, / Мекендеген жер-жерди, / Кырк уруу бардык эл келди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жайнап жаткан кор экен, / Мекендеген ал кумду, / Куландары шок экен, / Кирип калса бу чөлгө, / Туйагы күйүп жок экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыргызга барып эл болгон, / Эр уулу менен тең болгон, / Адам уулу жаралып, / Жер бетине таралып, / Эл мекендеп шаар салып, / Кытай ээлеп турган жер, / Бэйжин деген ат алып, / Адамзат пендеден, / Тыштан киши барбаган, / Ошол Бейжин шаарына, / Кыргыздан Манас баатырды, / Алмамбет баштап алпарган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →