мекен
- Туулуп-өскөн жер, жашап турган, турук алган жер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Баатырдын жолун жолдойлу, / Ыйык Ата Мекенди, / Манаска окшош коргойлу!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Башка жакка кетейин, / Бурулбай жүрүп батышка, / Мекенин суусун ичейин”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…Маңдайы күйүп качкан чөл, / Тентиген киши өлгөн чөл, / Тилеги мунун каткан чөл, / Томсоруп талаа кызыл кум, / Эшилген кум ысык чөл, / Бөйөн, чайан, таш бака, / Мекен кылган ысык чөл, / Кескелдирик, батмачык, / Кенен жыргап жаткан чөл.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Эркечтамды кылаалап, / Улуучат менен аралап,: / Сымкана мекен кыдырып, / Анжыйан, Кокон, Маргалаң, / Аманшоро, Наманген, / Аралап өттү бул элден.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
— Бүгүн боран болар мекен а?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →