меке1
- Жазында, жайында чала сууган жылкынын моюнунун кээ бир жеринен чыгып туруучу кан.
- диал. Жүгөрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бактыбайдын артынан, / Өзүбектин Эр Мурат, / Мекелеп кетип баратты, / Бактыбай сайып өткөндө, / Калдаң менен Кампалаң, / Башын кесип жөнөдү, / Баатыр Мурат аркадан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ “Сурай-сурай Мекеге, / Барат” деген укмуш бар, / Учураса кара баш, / Уламалап кеп сурап, / Талас кайда?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Чолпонбай чыкты жекелеп, / Кыргыздан четке чекелеп, / Испандан киши чыкпады, / Коросондон бир баатыр, / Келе жатат мекелеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Арабка барсаң Меке бар, / Майданга чыксаң жеке бар, / Атажуртуң Какандан, / Калгандай баатыр, пейлиң бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Карыганда абаңды, / Семетейдин артынан, / Узатып ийгин Мекеге!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →