мейманкана
- Жолоочулар конуп кетүү үчүн арналган үй, жай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кант, жемишин ылгашып, / Кыргыл тарткан немесин, / Көрсөтпөй бөлүп алышып, / Дасторкондун бетине, / Келиштире салышып, / Кеңеш кылып олтуруп, / Дасторкондун бетине, / Жетимиш уруу тамакты, / Жай-жайы менен толтуруп, / Мейманкана алты үйдө, / Бештен келин, бештен кыз, / Бирден жубан баш болуп, / Карап булар турду эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ От жакпаган он үй бар, / Мейманкана беш үй бар, / Ашманкана алты үй бар, / Эт бышырган эки үй бар, / Чоролор кирчү бир үй бар, / Каныкейге караштуу, / Баш-айагы жыйырма беш, / Катар турган үй мындай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мейманкана сарайга, / Алып барып киргизди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Зар койбоду шаарына, / Салган кийиз калтырбай, / Мейманкана, сарайга, / Талап алды баарын да.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Эшик ага кеп угуп, / Атайын кирип борборго, / Сомбилекке жолугуп, / Көргөнүн айтып угузуп, / Дайынын угуп Сомбилек: / — Мейманкана ак үйгө, / Алып кирип күткүн, — деп, / Алты күн алсын ардыкты, / Айткан күнүм бүтсүн, — деп, / Алып келгин үстүмө, / Анан кебин угам, — деп, / Эшик ага нетипти…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →