мейман

китептерде 32 жолу, 6 китепте
  1. Конок, сый көрүүчү адам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Урмат кылган кишиге, / Мойнуна жоолук салышы, / Нурзат шаанын шаарына / Алып кетип калышты, / Мейман кылып күтүштү, / Урмат менен сый менен, / Конок болду Бекбача, / Бекбачанын жанына, / Нурфану келди аңгыча. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Үч күнгө кетти маминтип, / Күнү-түн мейман күтүптүр, / Мадыбектин көр дүнйө, / Күткөнүнө түтүптүр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Таластагы төрөгө, / Жети күндө барасыз, / Жети күндөн калганда, / Арстан баатыр Манастын, / Ачуусуна каласыз, / Кош эмесе, — дегенде, / — Ай, ай, балам Ажыбай, / Бүгүн барып конуп кет, / Бир күн мейман болуп кет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Канчоронун тушунда, / Бийдин бири Оболбек, / Элди айап калам деп, / Күндө жүрдү токмок жеп, / Уктабай өттү кырк күнү, / Күмбөздөн тосуп алууга, / Ой-тоодон элди жыйам деп, / Келе турган мейманга, / Айлынча кызмат кылам деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Өрттөнгөн Манас тукуму, / Өткүр кылган ушуну, / Дем албай келип меймандар, / Берип жатат баарынан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →