мейли

китептерде 101 жолу, 10 китепте
  1. Макул болгондукту, каршы эместикти билдирүү үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…көз сатып: / “Не болсо да Чигитей, / Жүзүмдү көрүп калсын – деп, / Көзүнө толсом баатырдын, / Көөнүнө мени алсын “ – деп, / Басып Торгой чыгыптыр, / Көпчүлүктү мейли деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кененим атка минди, деп, / Кабарың угуп болгомун, / Кантер экен мейли, деп, / Көрмөмүш болуп койгомун, / Алыңа чактап иш кылып, / Ойлогондой болбодуң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кысылса кокус Алмамбет, / Кыйалын башка бурбасын, / Кытайлыгын кылбасын, / Мен өлсөм мейли бир башым, / Тууган элим - алашым, / Түркүгү болгон Манасым, / Жөөсүндө каптап кетпесин, / Кескилеп этин кокустан, / Балакет ага жетпесин; / Азыркысын Алмамбет… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Куп болду бул иш мага — деп, / Өз башыма мейли эле, / Мени — деп, — жүрүп бул өлсө, / Гүлчорого убал» — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— Мейли, бара көрөрбүз! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →