мейкин
- Кеңири, мелтиреген, жайык.
- Мейкиндик.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ңкейип, / Көөдөндө керип чалкалап, / Найзасын күүлөп булгалап, / Манжулап Бодоң бакырып, / Кирип келди кысталак, / Бекбачаны качырып, / Бекбачаны карасаң, / Ак мейкин зоодой зымылдап, / Асмандагы жылдыздай, / Эки көзү балбылдап, / Өңкүр кабак үнү ачуу, / Жетисуудан жем жеген, / Умтулганын узатпас, / Желбегей Сыргак бүркүттөй…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…мал чыгып дыркырап, / Төбө чачтар үрпөйүп, / Сакалдары үксөйүп, / Муруттары бириндеп, / Этектери дирилдеп, / Зым-зым этип зымылдап, / Салтанаттуу Кененим, / Ак мейкин зоодой зымырап, / Жер бетинде айбандар, / Курт-кумурска көп жандар, / Коркконунан кобо албай, / Былк этпей жатат кыбырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Ат чалдырып Ажатта, / Алмамбет калды ал жакта, / Жылкыны айдап эр Сыргак, / Бурулбай кетип баратса, / Алдынан чыкты бир дөбө, / Айнектей мейкин талаада, / Алмамбет айткан дөбө, деп, / Артымды карап көрөм деп, / Дайынсыз кепти айтчу эмес, / Даанышман Алма төрөм, деп, / Телкызыл минип теминип, / Каргадай…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Козголуп койбойт кыбырап, / Карап турат зымырап, / Көргөн жанды таңдантып, / Көк мейкин зоодой зымылдап, / Кездемдин боосун чубалтып, / Кез керип найза чунайтып, / Тапакка чокмор чаптырбай, / Телкүрөң менен чубатып, / Оң колтуктан көтөрө, / Сайып өттү Тапакты, / Ат үстүнөн сулатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Куш салса бирге салышты, / Ат койсо бул да жарышты, / Күн кеч кирер мезгилде, / Аркага кайта жанышты, / Мейкин зоого барганда, / Кирип кетти калгандар, / Кире албай калды Кара дөө, / Капалданып таң атты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →