мейиз

китептерде 10 жолу, 7 китепте
  1. Жүзүмдүн кургатылган мөмөсү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чайыңды бергин үч убак, / Этиңди бергин эки убак, / Күнү-түндүк тамагы, / Конокко бергин беш убак, / Дасторконуң жай болсун, / Чайга кошуп берериң, / Капакка салган бал болсун, / Каймакка бышкан нан болсун, / Куру токоч болбосун, / Мисте, мейиз, кант болсун, / Сүттөгөн чай, сары май, / Кеми жок болсун баарыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алтымыштан үй-үйгө, / Ирети менен киргизип, / Жайа бычып, жал керткен, / Казы-карта жылкы эттен, / Мисте, мейиз, жемиштен, / Сары кант, шекер, бал менен, / Тамагын жакшы беришкен, / Мурунку чыкса талаага, / Кийинкиси киришкен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Борончуну абаке, / Көрбөгөнмүн, уккамын, / Кызыталак кытайга, / Бүгүн өзүм чыгайын, / Мээрлүү жүзүң көрөргө, / Мейиздеп сөзүн угарга, / Насип кылсын кудайым! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тартылып тамак баарына, / Дасторкону жайылып, / Курма, мейиз, сүт менен, / Шекер, каймак, бал менен, / Баары даамы таттуудан, / Койуу-суйук аралаш, / Баарын куйду тамактан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…/ Каркытган көөкөрүн, / Жибектен боосун чалдырып, / Кол куржунга салдырып, / Кагаз-кагаз чай алып, / Капакка салып бал алып, / Каймакка бышкан нан алып, / Сары мейиз кишмиштин, / Сабактарын тердирип, / Шекер-шербет кыйын аш, / Дайындатып бердирип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →