мезгил

китептерде 163 жолу, 10 китепте
  1. Белгилүү бир убакыт; учур, маал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ластан ичкен туздарын, / Актаганын билсин, — деп, / Эл айагы басылса, / Кирген-чыккан азайса, / Анан кызды көрсүн” – деп, / Көкөй турган кезинде, / Күн бешимде мезгилде, / Асман тиреп өрттөнгөн, / Чаң көрүндү өзөндөн, / Көптүгү кара кумурска, / Жан көрүндү өзөндөн, / Чоңдугу тоодой дүңкүйгөн, / Дөө көрүндү өзөндөн, / Ат көтөрб… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Тогуз ай өтүп, күн жетип, / Төрөөр мезгил келиптир, / Басмайыл артуу дегенге, / Барып Шууту жетиптир, / Кош ат менен чабарман, / Каныкейге кетиптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Алты күн өткөн кездерде, / Канчоро менен Чачыкени, / Алып келер мезгилде, / Ордо башы Сетертай, / Асталай басып жетти эле, / Азыркысын коргондо, / Иш башкарган Керменбай, / Айтып турат Сетертай: / — Эр Гүлүстөн, хан Сейтек, / Күмбөз… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Элдин баары ойдогу, / Жай мезгили болгон го? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Көп мезгилден кийин аркан чирип үзүлөт, бугу болсо качып кетет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →