медет2
- диал. Бийик тоого өсүүчү дары чөптүн аты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Медет менен кубаттан, / Эзип туруп ичирди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…кан суусу шар экен, / Аппак сүтү, кымыз дары экен, / Жетпесе ажал өлтүрбөс, / Дары чөптөр бар экен, / Улар деген улуу куш, / Ушул жерде көп экен, / Улардын эти медеткер, / Аркардын эти себепкер, / Муунга дары бугу эти, / Кашкулак өтү табылбайт, / Коросон, испан дегенде, / Көк жорунун өзү жок, / Бел ооруга берерге, / Өтүн ичет …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Албай келсең жакшы эле, / Көп кечигип каласың, - / Деп ошентип Каныкей, / Куну куйуп тышынан, / Нушту берип ичинен, / Эбеп-себеп алынча, / Медетти берип барынча, / Чирикти койбой кескилеп, / Кулгуна жерин тешкилеп, / Эбеп менен себептен, / Күндө салып себелеп, / Түлкүнүн өтүн таптырып, / Жаңылап күндө чап…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Апы менен сапыдан, / Эбеп менен себептен, / Медетке нушту коштуруп, / Кырма кызыл эритип, / Эби менен жуткуруп, / Кылайган жерде оору жок, / Сейтек калды кутулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Анык билгин сен муну, / Өзү казак уругу, / Айдаркандын тукуму, / Медетбектин уул эле, / Медеркан деген уул эле, / Ал казактан бул жерге, / Жылында келет Медеркан, / Кыргыз алчу алым деп, / Медерканга бергиле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →