ме

китептерде 149 жолу, 10 китепте
  1. Бирөөгө бир нерсени берүүдө «мына, ал» деген сыяктуу маанини билдирүүчү сөз.
  2. Итти, чакырганда, тамак бергенде айтылат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өз-жат дебей ар кимге, / Ойлогону кара ниет, / Акылым артык меники, / Мени киши билбейт, дейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Темирден тону беш кабат, / Тентектин бири кызталак, / Башында туулга жети кат, / Беттешкенин мерт кылат, / Алып жүргөн кан жалап, / Кара темир калканы, / Кабаты тогуз байкачы, / Барган жерден баш алган, / Бадырек өзү мыкаачы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Баданаң менен атыңдын, / Башы болсун сеники, / Күдөөрүң үзүп тим калба, / Күчү болсун меники – / Алмамбет андай дегенде, / Көкчө мындай деди эле: Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ак калпак кыргыз элиме, / Меникинен сеники, / Көбүрөөк өттү эмгегиң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошондо меники акылсыздык, же балалык экенин билбейм, айтор көлдү кандай шумдук кылып сайрап жатса да Шадыкандын сөзү көңүлүмө бир конбоду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →