маңкай
- Маңдайы жазы, мүчө түзүлүшү келишимдүү, сөөктүү келип бадырайып толмоч көрүнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Кыйгылдуу даамын татышып, / Келин-кыз эки бөлүнүп, / Селкинчегин тебишип, / Ырчылар тилин сайратып, / Ырдап бирин жеңишип, / Байбичелер залкайып, / Ак кулжадай маңкайып, / Казылары челектей, / Капчыгайдай жайкалып, / Эшиктен кирип үшкүрүп, / Жөлөнүп жүккө чалкайып, / Орто жашта жубандар, / Карагайдай бой жасап, / Басып турса з…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Агарып тишиң кашкайган, / Ак кулжадай маңкайган, / Арбактанып көрүнүп, / Ала тоодой заңкайган, / Атыңды айткын сен кимсиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…им ат алып, / Бол камын, деп шаштырып, / Чатыраш менен чакмакташ, / Жип катмай, чычкан жүгүрүк, / Дымбырдым боло калышып, / Ойноп жатат кутуруп, / Каныкей кире маңкайып, / Ойуна кедин кыстарып, / Мындай деди тапшырып: / — Эки жигит аттанып, / Суусамырдын сыртында, / Тескейде биздин субай бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жер жарымын жездедим, / Энемдин сөөгүн издедим, / Келе жатсам бир жерде, / Ак кулжадай маңкайып, / Ак кочкордой даңкайып, / Кутбаны туура баштанып, / Кыбыланы бетке алып, / Жаткан экен энекем, - / Баа жеткис менин берекем, / Энемдин сөөгүн көргөндө, / Оң …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күмбөзгө кирип караса, / Атасы Манас кеменгер, / Адамдан башка айлакер, / Алла таала колдогон, / Кан төгүүгө сайапкер, / Аккула минип маңкайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →