маңка
- Көбүнчө жылкыда болуучу жугуштуу оору.
- Мурду бузулган, мурду мырык же шаңыракай, киңкилдеп мурдунан сүйлөп калган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…олору кыпчылып, / Тарамышы тырышып, / Салам айтып калтырап, / Корккондугу билинип, / Кол куушуруп турушту, / Көздөн жашы бош кетип, / Мурдун тартып шор этип, / Маңкалары чубалып, / Эми өлдүк бүт дешип, / Кененимге кезигип, / Кетти деп башым кесилип, / Кеп кылалбай турганда, / Кейпин көрүп булардын, / Мени тааныйт экен, деп, / К…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Келе жатып Бешкулак, / Карс дегиче бышкырды, / Жолум үйдөй көк маңка, / Жол бойуна былтыйды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Кантип болом, адам деп / Ээрдин кесе тиштенип, / Намыстан жанга күч келип, / Сейитти туурап эр Тапак, / Үзөңгүгө тамандап, / Маңдайда көзү алаңдап, / Мурдунан маңка куйулуп, / Чорго муздай салаңдап, / Сабынан чыңдап кармады, / Алы келсе баатырдан, / Найзасын тартып алгалы, / Эки колго чогултуп, / Барлык күчүн арнады, / «Ко…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Маңкаң-маңкаң бастырып, / Жолдун четин каздырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Тетигиндейден келе жатканда «тиги Маңкашка, тиги Чабдар ат» деп турушат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →