маңдайлаш
- Беттешүү, бетме-бет келүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…а найза урганча, / Манжулардын чоң Будуң, / Бекбачага беттешип, / Найзалаша кеткени, / Топчу кулак кер атка, / Ыргып минди Бактыбай, / Калдык минди сур атка, / Маңдайлашып эки дөө, / Кандуу найза алышты, / Карсылдашып салышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Таң агарып атканда, / Тараза жылдыз батканда, / Маңдайлашкан эки кол, / Жабыла баары аттанды, / Бир күндө жети эр сайып, / Алымсарык шаттанды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Калкылдаган калың кол, / Маңдайлаша барышты, / Байрактарын сайышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ттешип, / Кандуу найза кармашып, / Качырышып кан бүркүп, / Канча күн жүрсө сайышып, / Бул экөө талбайт майышып, / Өлгөндөрдүн кунун кууп, / Өчөгүшүп кайышып, / Маңдайлаша барышып, / Барганча күчөп сайышып, / Сурданышып чабышып, / Сүр бетинен алышып, / Күнү түнгө уланып, / Түн ичинде шам жагып, / Күнү-түнү үч күнгө, / Урушу кетти…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Чоң майданда беттешип, / Ортого күлүк ат сүрүп, / Маңдайлашып баратса, / Кандай жан тиктейт аларга?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →