маңдайкы
- Каршысындагы, бет маңдайындагы, бет алдыдагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Те маңдайкы макмалга, / Салып койгон жуурканга, / Олтурду Ажым түз бара, / Малдашын бузбай балпайа.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Дүрбүнү алып салгамын, / Бейжиндин жерин карадым, / Тээ маңдайкы кара кыр, / Көрүп калдым ошондон, / Коңурбайдын караанын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →