маңдай-тескей
- Бетме-бет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…таппай алардан, / Кылычты кындан суурушуп, / Кыйкырышып урушуп, / Кылычтан тапкан айла жок, / Калды деми суушуп, / Чокморлошуп койушуп, / Акакташып соолушуп, / Маңдай-тескей марашып, / Дем өткөрүп турушуп, / Кекенишип демитип, / Кетелек алып келишип, / Одарышып бир ээрде, / Тамандашып тебишип, / Кайран жанды кейитип, / Эртеден кечк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эртең кандай болот деп, / Ойлоп жатып таң атты, / Кыргыз калмак – эки урук, / Маңдай-тескей сап болду, / Катар он бир эр өлүп, / Каң караган калмакка, / Арылгыс жаман дарт болду, / Эрдемсип калган Жолболду, / Элден мурун чуу койду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кереметтүү зор калча, / Келгенимди билиптир, / Кетеримди билиптир, / Шамдай болгон кырк бала, / Жол тостуруп койуптур, / Маңдай-тескей карашып, / Булар көчө болуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күнү-түнгө уланып, / Күркүрөгөн үн чыгып, / Кулак тунуп мээ кайип, / Маңдай-тескей турушту, / Ошол кезде Саламат, / Акактап солуп дем алып, / Ошол кезде Саламат, / Гүлүскө турду кеп салып: / — Шер Сейитек тың экен, / Шердиги анын чын экен, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Талдын башын бурушуп, / Маңдай-тескей турушуп, / Акийнегин айтышып, / Беттешип тамам кайтышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →