маңдай

китептерде 321 жолу, 10 китепте
  1. Баш сөөктүн каштан жогорку чачка чейинки бөлүгү, чеке.
  2. Бет алды тарап, бет жак, өзү турган жерден алганда каршы жагы.
  3. Тагдыр жазмыш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мендей болбойт шор маңдай, / Бекбача жатпайт дем албай, / Манжудан барып кек албай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Отор өлүп кеткенде, / Эки жагын караса, / Маңдайда калың кол да жок, / Топурак учуп, жер чаңдап, / Чачкандай болуп жатыптыр, / Куткарбайын бирин, деп, / Куп кыйамың келди, деп, / Тору атты бура тартыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ынып, / Көзүнөн жалын от жанып, / Таноосу көөп дердеңдеп, / Сакалдары байпаңдап, / Чылбырдай болуп чубалып, / Саамай чачы салбаңдап, / Жарты көлдөй жылтырап, / Маңдайда көзү алаңдап, / Арбашып жаткан жыландай, / Ээрди-мурдун жаланып, / Найзасынын учунан, / Кере кулач от жанып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Семетей балан дегиче, / Гүлчоро кеңеш бергиче, / Маңдайдагы Кутургур, / Айкырык салды элине, / Эл башкарган эрине: / — Бирине-бирин жеткирбей, / Тетиги турган үчөөнү, / Сайып алам эми эле! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Береги биздин маңдайыбызда калың апийимде жүргөн үч дуңгандын бири, Бежинден чыкканы, кырк жылдан бери жаңы эсине түшүп тургандай кишинин жүрөгүн куйкалаган бир түрдүү муңдуу, каралуу, обон салып узакка созуп, ысык күндү калтыратып барып коё коёт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →