маңгыт

китептерде 326 жолу, 8 китепте
  1. Иттин өңүнүн аталышы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Маңгыттардын хан Калдык, / Жан алчуудай каарданып, / Өзүмдүн элим дебестен, / Ачуу сөзүн агытып, / Калгандарга заар салып: / — Эртеңден баштап жекеге, / Мен барамын дебегин, / Мен барам деп чыкканын, / Баш байланып келесиң, / Баш байланып келбесең, / Башыңды берип өлөсүң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жалгыз ооган мен эмес, / Жедигерде сен эмес, / Коросондо коромжу, / Кошо алыптыр ошону, / Отуз миң атын олжо алып, / Аскерин айдап чубатып, / Аны дагы кууратып, / Мангыттардын Калдуубет, / Тактысынан кулатып, / Жамбыл белге түркмөндү, / Ээ кылыптыр таластык, / Муну өзүнө каратып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Маңгыттардын Мадикүл, / Жалгызкөздү дагы алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…/ Айткалы келдим кеп-кеңеш, / Аттанып жолго саларбыз, / Тайсалдабай талаада, / Айалдабай барарбыз, / Алтыке деген киши экен, / Карманаптан келгени, / Бадыкөлүн маңгыттын, / Башкача мактап жиберди, / Батаңды бер балаңа, / Бастырып бачым жүрөлү, / Бай Жакып айтат ошондо: / — Барбагын деп турушуң, / Байкасаң кыйын жумушуң, / Барам… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бир аз сабыр кылыңар, / Аңгеме болоор мунуңар, / Сартбайдын жагын угуңар, / Маңгыт, маңгул бир тууган, / Кара калпак, түркмөндү, / Ээлеп маңгыт эл турган, / Бадыкүл деп эр тууган, / Элге салган чуулган, / Коросон, Кыйба, Жедигер, / Мисир, Баг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →