маң1
- Меңдубана.
- Нашаа.
- өт. Келесоо кейбир.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каскактын учун кан кылып, / Калмактын башын маң кылып, / Чамбыл ала чаң кылып, / Заманасын тар кылып, / Кырып кетип баратат, / Кыйырын бузбай кыйратып, / Кабыргасын каркайтып, / Тоногон төөдөй тартайтып, / Т…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Орто жерин ой кылып, / Эки четин коо кылып, / Арасын ачып жол кылып, / Каскактын учун кан кылып, / Испандын башын маң кылып, / Желип жүрөт бургутуп, / Топчу кулак кер аттын, / Топко башын чулгутуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Калаанын баары маң болуп, / Караган киши таң болуп, / Көчөнүн көбү маң болуп, / Көргөн киши таң болуп, / Ажыкең кирди борборго, / Ханы жаткан коргонго.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бир аз сабыр кылыңар, / Аңгеме болоор мунуңар, / Сартбайдын жагын угуңар, / Маңгыт, маңгул бир тууган, / Кара калпак, түркмөндү, / Ээлеп маңгыт эл турган, / Бадыкүл деп эр тууган, / Элге салган чуулган, / Коросон, Кыйба, Жедигер, / Мисир, Багдат, Уру…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Мындан айла болбоду, / Маң, болуп башы ойлонду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →