маша1

китептерде 20 жолу, 5 китепте маша 2 →
  1. Эски мылтыктын кууга от коюучу, от алдыруучу тетиги.
  2. Атылуучу куралдарда атуу үчүн сөөмөйү менен басып жиберүүчү тетиги.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кең көкүрөк Бодоңду, / Как жүрөктүн тушу, деп, / Өлөөр жери ушу деп, / Кашайа тиктеп ирмебей, / Машаны басып жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Машаны ирмеп жиберди, / Ооз отунун дарысы, / Кызыл жалын жылт этти, / Оң жаккы бутун көкжалын, / Тизеден үзүп ок кетти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Качырбай атар мергенмин, / Аңдып калсам аркарды, / Учурбай атчу мен элем, / Уулап калсам уларды, / Сырын билген жериңди, / Сырын айтып бергиниң, / Бет келип маша тарттырса, / Мент кыламын кулжаны, / Деп ошентип эр Чубак, / Болбой туруп алганы, / “Кеп кетирип олтурсаң, / Кобурдан кабар алар, — деп, / Кудай урган бул кулж… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Байкаса баатыр Чанакты, / Кенебейт да, элебейт, / Төш жары кирген найзаны, / Машачалык ченебейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ашаганда машаган, / Төкөр уста Бөлөкбай, / Жайы кышы дебестен, / Жатып алып жасаган, / Сыртына алтын жөгөргөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →