мастык

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Мас болгондук, мас болгон кишинин абалы.
  2. Көпкөндүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Дагы башын көтөрдү, / Алмамбетти көз көрдү, / Мастыгынан айтат деп, / Канчаны Алмаң өткөрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Азмунке деген бий экен, / Алмамбетти жектеген, / Алтымыштын бири экен: / Козубай деген бар экен, / Короолош жүргөн бай экен, / Бири бий да, бири бай, / Азмунке айтты сөзүн жай: / — Мастыктан баатыр, билбепсиң, / Маанисиз жерден тилдепсиң, / Алдыңда айткан көп сөздү, / Кулагыңа илбепсиң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алгараны Коңурбай, / Бир бакса салып өндүргөн, / Бир аттатып көндүргөн, / Эки бакса өндүргөн, / Эки аттанып көндүргөн, / Алтымыш дубал-там бакса, / Көнөт атты аттатса, / Аны билбей оолугуш, / Ай, төрөм, ушул мастык да! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жалганы жок ырас кеп, / Мастык менен жүрүпбүз, / Сен айтканда эстесек. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жаңкынын жөнү мындай экен: Мындан бир нече күн мурун Жылуу булактын оюнда өңчөй зөөкүрлөр бозо ичип отуруп мастыктан чатак чыгат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →