мастан
- Элдик жомоктордо кездешүүчү ашкан митаам, куйту кемпир.
- сүйл. Ушакчы, сүйлөөк, какчаңдаган кемпир.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Илбирс атып, чөө атып, / Ийри мойун төө атып, / Мастан айуу дегенден, / Төрүнөн атып сулатып, / Текесин таштан кулатып, / Кулжаны тандап атышып, / Курбуга койуп чубатып, / Кайберенди талкалап, / Капчыгайга сулатып,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ешимде, / Эки күн кийик уулашып, / Кызык кылды чуулашып, / Беш жүзчө кийик сулатып, / Текесин таштан кулатып, / Ийри мойун төө атып, / Илбирс менен чөө атып, / Мастан айуу дегенден, / Жетини катар сулатып, / Жолборстун атып сегизин, / Бугунун атып семизин, / Кайыптын жешип жайасын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сейит менен Тапан хан, / Бирин-бири көрбөдү, / Не болгонун билбеди, / Желмогуз мастан ша-шалап, / Тапан ханга келгени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жан жүрбөстүн чөлүндө, / Жолуккан шерден бирди алган, / Короого тийген илбирстен, / Козголгуча үчтү алган, / Мастан айуу дегенден, / Жетини тиштеп дагы алган, / Жаныбарым куу тайган, / Ээси колун серппесе, / Качып жаткан кайберен, / Качан карап кылчайган?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Мен чыгып баратсам, төр жакта отурган мастан кемпир:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →