маскара
- Уят абал, уятка калгандык, айыбы ачылгандык.
- Уяты чыккан кишиге карата же тилдөө иретинде колдонулуучу сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Купуйа окуп буларды, / Көз байлоочу дубаны, / Маскара кылып дөөлөрдү, / Татылданын үстүнө, / Басып өзү киргени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сейит мындан кеткенче, / Балбан Тапак, Чойтолоң, / Кеп кылалбас Тазкара, / Кеп менен чагып күнүгө, / Мени кылат маскара, / Куткарбаска барам, деп, / Сейит айтты алдында, / Куткарбастан жеңилсе, / Калганды өзүм билермин, / Куткарбасты оодарса, / Ийинге чындап сийермин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Тазкаранын айтканы, / Куткарбаска карата, / Баштан айак маскара: / — Эр Куткарбас барсыңбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →