масилет
- Кеңеш, акылдашуу, пикир алышуу, насыят, үгүт.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мен кат билбеген кара түрк, / Унутуп калам кокус, деп, / Он сыйра айтып жаттадым, / Сага кандай айтам, деп, / Кирпигимди какпадым, / Ошондо угуп жүрөмүн, / Бул үчөөнүн чогулуп, / Бир масилет тапканын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Аз күндөн бери сурасам, / Калмак, таңгыт биригип, / Манжу, кытай тирилип, / Ага казак кошулуп, / Беш уруктан беш улук, / Масилет кылып олтуруп, / Келгели жатат, деп угам, / Сизди жалгыз бастырбай, / Кошо барсам деп турам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Банус менен Карилип, / Чоңдору бирге отуруп, / Масилетин кылышты, / Акылдарын толтуруп, / Элдешүүнү эп көрдү, / Көбү чайнап баштарын, / Ичинде мындай ой туруп: / “Алдыңкы элдин кегин кууп, / Манас келген турбайбы, / Жыпжылма түптүз кылбайбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Беш алты күн өткөн соң, / Абыке, Көбөш, Жакып хан, / Масилет кылып алышып, / Бир семизди сойушуп, / Арага элчи койушуп, / Бирибизге тийсин деп, / Киши салып айттырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Масилетти чыгарды: / — Манастын уулу Семетей, / Акун хандай кайны бар, / Ала турган ошонун, / Айчүрөктөй зайыбы бар, / Атасы Манас башында, / Миң төөгө жүктөп чай берип, / Түгөнгүс алтын зар берип, / Бел куда болгон жайы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →