мас

китептерде 117 жолу, 10 китепте
  1. Ичкилик ичүүнүн негизинде алгачкы ал-абалынан тайыган, мастык абалына келген, абдан кызуу.
  2. Эңги-деңги, каалгыган, ыракатка баткан (көбүнчө абалга карата).
  3. өт. Менменсинип, чиренип керсейүүчүлүк, абдан көпкөнчүлүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Кеткен экен деп угам, / Анда Көкүн бар болсо, / Бара алат беле борборго, / Кол сала албайт болучу, / Кызыл мастен ордого. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мадыбекте акыл аз, / Өзү толук Чигитей, / Баатырлыкка болуп мас. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Мас болуп Көкчө жыгылды, / Баатыр Алмаң не кылды? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чачыкейди караса, / Мас болгондой шалкылдап, / Шилекей агып шалпылдап, / Өлчүдөй көзү тиктенип, / Тиштерин чайнап качырап, / Жоолук салбай жылаңбаш, / Чачтары түйдөк саксаңдап, / Күлү… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Шыңкылдап күлүп, наз кылып, / Айлантып башын, мас кылып, / Канчорону туз урган, / Кастыкка аны маш кылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →