марттык
- Колу ачыктык, берешендик, март, берешен экендигин билдирүүчү сапат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Анда Манас муну ойлоп, / Арстан үчүн так болжоп: / “Алла бердиң бишарат, / Аң уулап мында келишим, / Аңдаса марттык ишарат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
– Марттык эмнеде, дүнүйөдөбү же адамдын өзүнүн сөөгүндө бүткөн марттык болобу?
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Марттык дүнүйөдө болот.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Палан убактыларда кайырчы болуп, силердин үйүңөргө барган мен болуучумун, кана силердин марттыгыңар, дүңүйөңөр көп болсо, тамактын калдыктарын, сындырынган нандын күкүмдөрүн берет белеңер, – деп аларга баягы каткан-куткан нандарды көрсөтөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Марттык малда эмес, ал адамдын сөөгүнө бүткөн дилинде болот!
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →