маржан

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Шуру, маржан (коралл) шурудан жасалган кооздук, жасалга.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Лахаса барып хан Калдык, / Баштан айак калтырбай, / Барлык ишин кеп салып, / Лахасада Ламасы, / Калдыктан угуп каарданып, / Ачууланып заарланып, / Маржандан тизген миң теспе, / Оңдоп-солдоп сыдырып: / — Келиптирсиң, Калдык сен, / Бүт дүйнөнү кыдырып, / Моңгол, манжу, солонду, / Кара кытай, шибени, / Маңгытты кошо к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кененим айтып болгончо, / Айткан оозун жыйгыча, / Калмакча узун чапанды, / Сүйрөлтө жерге жамынган, / Тесмеси аппак маржандан, / Мойнуна жүздү салынган, / Калмакча тилди билгенден, / Канча кошуун кол болсо, / Титинбей тинтип киргенден, / Экөө чыкты бөлүнүп: / — Бүгүн күндүз барабыз, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кундуз, маржан, жакуттан, / Булгун, кемчет асылдан, / Мой менен таштын баарынан, / Жүктөп келгин абыдан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →