мара2

китептерде 10 жолу, 6 китепте мара 1 →
  1. Тиктөө, көз айырбай кароо, мадала тиктөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, / Кылычты кындан суурушуп, / Кыйкырышып урушуп, / Кылычтан тапкан айла жок, / Калды деми суушуп, / Чокморлошуп койушуп, / Акакташып соолушуп, / Маңдай-тескей марашып, / Дем өткөрүп турушуп, / Кекенишип демитип, / Кетелек алып келишип, / Одарышып бир ээрде, / Тамандашып тебишип, / Кайран жанды кейитип, / Эртеден кечке салышы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кел бери, деп марашып, / Булар кезенишип турушту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…луу жерин карашып, / Шаарга кирди жадашып, / Аз элде тагдыр себеп шол, / Калды булар адашып: / Коңурбай менен беш киши, / Бута атым ары жагында, / Турган болчу марашып, / Эгер билсе анысын, / Үч баатыр кууп качырса, / Калчаны алмак кармашып, / Сүрүп чыкты аңгыча, / Келин каш болуп таң атып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Баары турду карашып, / Баатыр Тапак, Куунайза, / Салгылашып майданда, / Эрлик жолун талашып, / Өйүз-бүйүз көпчүлүк, / Бирин бири марашып, / Каадасыз көнгөн Куткарбас, / Куунайзаны жемелеп, / Качырып кирди жан ачып, / Куткарбасты көргөндө, / Кайра качты эр Тапак, / Кара жандан түңүлүп, / Эми сайы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бүгүн да бар булардын, / Жүрөгүндө арамдык, / Булар чыгып бийиктен, / Түздөгү элди карашып, / Сомбилек, Ойрот – эки дөө, / Бирин –бири марашып, / Кан кумары айбандар, / Балбандары бук болду, / Жин жыттанып, бок сасып, / Кан төгүлөр чак болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →