мант

китептерде 14 жолу, 4 китепте
  1. Кандайдыр бир кыйын абалдан кутулуп кетүү максатында жасалган амал, буйт берип кетме айла.
  2. Куулук, митаамдык, жаман ойлуулук.
  3. өт. Кокус кылуу, жеңип алуу, мерт таптыруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жетик тууган Каракөк, / Жеткирдин бири эмеспи, / Өчөшкөнүн өлтүргөн, / Өткүрдүн бири эмеспи, / Кара сууга кан куйган, / Канкордун бири эмеспи, / Өз-жат дебей чыр салган, / Анткордун бири эмеспи, / Адамга сырын алдырбас, / Манткордун бири эмеспи, / Эл үчүн жанын коргогон, / Канкордун бири эмеспи. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…уп ушундай, / Турган кезде Коңурбай, / Мына мындай кыйалдай: / “Сайдырбайт экен Коңур — деп, / Сактанып алды анткор — деп, / Менден акыл көбүрөөк, / Манас экен манткор — деп, / Кактырбай сактап найзамды, / Качырайын найзачан, / Өтө берип жандашып, / Мен сайайын артынан, / Алгарам бар алдымда, / Бут менен кылсам нишарат, / Өзү… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жетимиш эки калмакча, / Күн жаадырчу дубаны, / Жатка билчү Алмамбет, / Борошо-шамал аралаш, / Мантка түйгөн Алмамбет, / Жарык күндү түн кылчу, / Бул ааламды буй кылчу, / Жаадыкөйдү калтырбай, / Канык билчү Алмамбет, / Касийде менен сыйкырды, / Анык билчү Алмам… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Деп ушинтип Канчоро, / Күркүрөтүп найзаны, / Гүлчорого сундуруп, / Качырып сала бергенде, / Ордун салып жазгырып, / Салакалуу эр неме, / Сайдырбады найзасын, / Кадасынча мант кылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Анык жооп бересиң, / Айчүрөктөн мант берип, / Алдаганы оор келди! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →