мансап
- Башкаруучулук укугу бар кызмат орду, бийлик даражасы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…йт, / Качып Калдык кыргыздан, / Моңгулга барып хан болуп, / Курчундун минип тагына, / Ээ болуп алып багына, / Кайтып келди хан Калдык, / Коктукаттын шаарына, / Мансаптарды чогултуп, / Кишиси көптүн мансабын, / Өйдөлөтүп чоңойтуп, / Мындайраак көздөө болгонун, / Эбин таап жоготуп, / Каранды кылды кара ниет, / Моңгулдун элин колбут…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Шоорук менен курбалдаш, / Мансабы да, эрдиги, / Окшош өткөн неме экен, / Ажалынан өлүптүр, / Атын Татай дээр экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ңө бердик малыңды, / Жылына жүктөп жеткирген, / Эгиниң менен шайыңды, / Арттыра баргын зарыңды, / Өзүң сурап, өзүң бил, / Кокон деген шаарыңды, / Куттуу болсун мансабың, / Унутпайбыз сени биз, / Аман болсун элиңиз, / Суук колун тартпаган, / Банус хан менен Карылып, / Аттаналы эми биз, - / Муну мындай таштайлы, / Манас менен Ба…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Элди бийлеп башкарган, / Мансабы бар бир киши, / Келбей мында калбаңар, / Жыйылып булар келгенде, / Сейитинин өкүмү: / — Алдыңдагы аскерге, / Мурункудай ээ болгун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…тып кабарды, / Сырын тартып багайын, / Бүрсүгүнү кечинде, / Сизге келе калайын, / Отуз нөөкөр кырк шыгай, / Ортосунда абаке, / Оозуңан чыкса ушул кеп, / Ошондо мансап алайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →