манжа
- Колдун жана буттун салаа-салаа болуп кеткен эң акыркы кыймылдуу бөлүктөрү (кыймылдуу шакшактары).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ак калпак кыргыз көп алаш, / Кол сунушуп манжа ууштап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…күндүк чабышта, / Чалыкпас жайы көрүнөт; / Кара мүртөз кайры жок, / Карамдык жагы көрүнөт; / Көзү чуңкур, дөң маңдай, / Дүмөк далы, кыска бел, / Томолок билек, манжа учтуу, / Кармагандан кан чыкчуу, / Каруусу артык көрүнөт; / Капырай кандай адам, деп, / Бакайдын көөнү бөлүнөт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Түзөңдүн болот аңдары, / Токойдун болот каманы, / Беш манжаңды карап көр, / Бардыгы текши турабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бир бармагым тиштесем, / Тиш тийбеген жана ооруйт, / Ойлоп көрсөм бул ишти, / Он манжамдын баары ооруйт, / Эки жагы тепе-тең, / Ажал башты не тооруйт?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Билекке манжа илинди, / Бул бадырек айбандын, / Баатырлыгы билинди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →