мандалак

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Калпак сымал ири гүлдүү пияз тукумундагы жапайы өсүмдүк, жоогазын.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кара чөп менен айуу чач, / Жоогазын менен мандалак, / Канчасы турат самсаалап, / Козу кулак бээ эмчек, / Кымыздык менен кемирчек, / Жерди көрүп таңданып, / Ээсиз жаткан кур калып, / Кан Манас койгон суроого, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Акбарсылдак, кызгалдак, / Кемирчек менен мандалак, / Козукулак, бээ эмчек, / Жөргөмүш менен кымыздык, / Балжууран менен ышкындык, / Томотой менен карагат, / Жермыйаз менен бүлдүркөн, / Жердин бети бүр экен, / Баашайы түрүн салгандай, / Барысы жердин гүл экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ышкын менен балжууран, / Тайар тамак май куйган, / Балтырган менен мандалак, / Ой-тоодон издеп тамталап, / Барган жерде туш чыгат, / Жайнап жатат канчалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кымыздык менен бээ эмчек, / Башын ыргап теңселет, / Жоогазын менен мандалак, / Төгүлүп жерге самсаалап, / Козукулак, кемирчек, / Толуп жатат канчалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…чачындай сыланган, / Жери атыр жыттанган, / Мурунду жарып буркурап, / Сүйкүм шамал зыркырап, / Молдо торгой сандыгач, / Туш-тушунда чуркурап, / Бүлдүргөн менен мандалак, / Төгүлдү жерге самсаалап, / Андан башка мөмөлөр, / Толуп жаткан канчалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →