манат
- Көбүнчө кызыл түстөгү түктүү кездеменин түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Дүрүйө, буулум мындан көп, / Карала көп, шайы көп, / Манат, макмал жана көп, / Кара малын колбутуп, / Айдап алып нетемин, / Кара мал айдап калдайтып, / Кай муратка жетемин?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Туш туурдугу манаттан, / Сарамжалдын кеми жок, / Кыргыз күтчүү санаттан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
– деп, / Кара кашка аргымак, / Жал-куйругу бир кучак, / Каныкейге токутуп, / Жоругун журттан арттырып, / Манаттан көрпө тарттырып, / Айкөл Манас шер баштап, / Абаң Бакай, зор баштап, / Ойрон Чубак чоң баштап, / Кырк жигиттин бири эле, / Кыраан Сыргак эр баштап, / Калабалуу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Манаттан кылган көрпөчө, / Кош басмайыл тартылуу, / Ат жабдыгы баатырдын, / Ай-ааламдан артылуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Манаттан кылган көрпөчө, / Кош басмайыл тарттырып, / Бош агытып Буурулду, / Калмактарча жасанып, / Канчоро менен Гүлчоро, / Алдына кирди бастырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →