манап
- тар. Ислам динине чейин арабдардын табынган ыйыгынын (бут) аты.
- тар. Эл бийлөөчү, эл башкаруучу.
- тар. өт. Куу чирен, жумуш кылбаган адам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ “Коросон менен испанга, / Киринди болуп жүрбөйүн, / Бир башына келгенди, / Качпай туруп көрөйүн, / Манабы турган үчөөнү, / Катар сайып жөнөйүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Мөөрөй аттың атмачың, / Коргоол менен чатыраш, / Манаптарың баспадың, / Кечте менен топ ташты, / Эртеден-кечке баштадың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Он экиде жашы бар, / Кундуздай кара чачы бар, / Ылжыраган сары эмес, / Жылтыр сары жийде жүз, / Көктөн көрүп эжеңиз, / Жанына түштү бакчанын, / Он төрт-он беш жаш болуп, / Өтө манап кооз эмес, / Өтө жыртык деги эмес, / Тааныбаган кыз болуп, / Басып барды Айчүрөк, / Бир нерсе сурап келгендей, / Шашып барды Айчүрөк.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кундуз ичик суусар бөрк, / Кубулжуган бир манап, / Салты башка адамдан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бий, болуш, манаптар өңдөнгөн кыргыздын эл билермандары болсо, ушул окуя башталгандан тартып, бир бет алып кете албай, эки ортодо жалтактап калып, аягында калың букаранын күчүнө көзү жеткен соң, көпчүлүккө эрксиз баш ийип, элдин кур шарданында гана жүрүп калган эле.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →