мамыры

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. бот. Топ гүлү себет сыяктуу, ал эми чоку жалбырактары жылдыз сымал түктүү, дарылык касиети бар гүл, б.а. эдельвейс.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чоктой кызыл табылгы, / Колдо камчы баарысы, / Кырчын талдар буралып, / Асман тиреп кайыңы, / Темирден катуу ыргайы, / Чыккан чөбү бүт дары, / Аркар оту, мамыры, / Арбын чөптүн тамыры, / Шыралжын менен бозунач, / Кокон менен сүт тикен, / Кан аккан жерди бүтүргөн, / Чалкан куурай бирсалар, / Шишикке дары табылбай, / Өпк… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аркар оту, бозунач, / Мамыры менен шыралжын, / Дары чөптүн баары бар, / Жыттаса жыты буркурап, / Кайнатып ичсе желди айдап, / Кара мурчу жана бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Айчүрөк, / Миң үйдөн селбик сурап жеп, / Чөкмөлөп майга буудай жеп, / Карта кертип жалды жеп, / Казыга кошуп балды жеп, / Куурдак менен жайа жеп, / Аркар оту, мамыры, / Кайнатып ичип дабаа деп, / Жан кирип талгак болгондо, / Тоодой болгон Кыйаздын, / Баса олтуруп тизесин: / — Керекпи бала, сага? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жер пийаз, согон жыттанып, / Көк чечекей, гүлепше, / Күндү карап ыктанып, / Аркар оту, бозунач, / Сасыгансып жыттанып, / Жапа жай менен мамыры, / Жыты адамды аңсатып, / Уй шилекей мөлтүлдөп, / Оозуна салсаң бал татып, / Кеңкол ата чоң Талас, / Көрүктөнүп чалкайып, / Алатоо турду көрүнүп, / Асман тиреп заңкайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →