малчы

китептерде 12 жолу, 7 китепте
  1. Мал багуучу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Малчылардан кеп угуп, / Бул Атбашы, деп угуп, / «Атбашыга келипмин, / Бактыбайга жолугуп, / Жолукканча кетейин, / Жолумда экен Бактыбай, / Башын кесип кетейин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жаштары жатты жай уктап, / Карылар туурап, эт чыктап, / Кайгысы жок таң атып, / Нурланып тоодон күн чалып, / Жылкы айдап малчылар, / Желеге кулун байлашып, / Кымыз ичип кызарып, / Жаш балдары дуулдашып, / Тоту куштай сыланып, / Кыз-келиндер жардашып, / Белдемчи жерде чубалып, / Жубандары … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ата-бала кеңешип, / Малчылардын башчыга, / Бир Таластык тандады, / Сурчабар минип Кутубай, / Уулу мыкты көөнү жай, / Тойго кетип калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сары ханды жайласам, / Бакайды малчы кылбасам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– Карабай менин тузагыма түшкөндө "эмне алсаң, ал" деди эле, эми малынан сурап алайын, – дейт чал малчыларга. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →