малакай

китептерде 13 жолу, 7 китепте
  1. Жүнү ичине каратылып териден тигилген баш кийим.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Угушуп алып басар күн, / Кулжанын айы болсун, деп, / Кулжуңдашып тарашты, / Көмөрө кийип малакай, / Жулжуңдашып тарашты, / Сүр көрсөтүп калганга, / Булжуңдашып тарашты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…абытай, / Буканы таштап бултуйтуп, / Туулгасын кийип мултуйтуп, / Тору атка така жаңылап, / Алдындагы тору атты, / Тери менен жабуулап, / Туулганын сыртынан, / Малакай кийип чөмөрүп, / Коргошун, коло аралаш, / Куйун салган Чойун баш, / Койдой кылып өңөрүп, / Түнт токойду аралап, / Күмбөздү күздөй жөнөдү, / Ачууланып көгөрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алды келип оогандын, / Кол салгандын Күрөөкө, / Алдыртан утур шамалды, / Койо берди ал жерде, / Топурак учуп жер чаңдап, / Топодон көздү ача албай, / Малакайы делдектеп, / Этектери телпектеп, / Чыдай албай Апысы, / Күн жаадырып жиберди, / Топурак учпай арылды, / Жана ооган жабылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Туулга кийбей малакай, / Күрөөкө кийбей чапанчан, / Сур ат минген эр келет, / Жүрүшүн байкап караса. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Малакайын түшүрө, / Баш көтөрүп карады, / Ачык көзү көргөн жок, / Ат үстүндө адамды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →