мала2

китептерде 19 жолу, 6 китепте мала 1 →
  1. Анчалык ачык эмес өң.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

кары деп, / Өлтүрөт экен аны деп, / Топчу кулак кер атчан, / Ыргып минди Бактыбай, / Тууга ээлик болгун деп, / Алабекке карматты, / Кол башкарып тургун деп, / Малабекке айтканы: / — Койон жүрөк коркоктор, / Корс кыйалдуу чоркоктор, / Башаламан чуу болсо, / Кан чайкалып суу болсо, / Кайра качып жүрбөсүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Менин атам Алмамбет, / Жүйрүн дөөдөн жазгырып, / Ала келгин ак шамшар, / Бүгүн менин жанымда, / Ала жүргүн жаныңа, / Жаткан дөөгө туш келсең, / Мала келгин канына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Таамайлап бирин сайа албай, / Найзасын канга мала албай, / Кылча жанын айашып, / Кылчаңдашып кала албай, / Тай-талаш болуп ушундай, / Турган кезде Коңурбай, / Мына мындай кыйалдай: / “Сайдырбайт экен Коңур — д… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бүркүттөрү үзүктөй, / Чычкандары күчүктөй, / Жекендери челектей, / Балтырганы билектей, / Маралдарын карасаң, / Мала кашка инектей, / Ор койону улактай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бири мала кызыл, бири күрөң — эки музоосу бар. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →