мал-мүлк

китептерде 12 жолу, 5 китепте
  1. Жеке адамдын ээлигиндеги дүнүйө-буюм, мал байлыгы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Олтурарга жай таппай, / Жээрине нан таппай, / Ачкалыктан кырылсын, / Азык-түлүк, мал-мүлкүн, / Ажыратып алыңар, / Акыр-такыр заманды, / Башына бачым салыңар! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Коңурбай келип Таласка, / Кек алам деп энтелеп, / Олжо берип, мал-мүлкүн, / Качкан экен темселеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Атанын жыйган мал-мүлкү, / Аркасын көрүп турабыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Кытайдын черүүлөрү бизди чек арадан камап, эң акыркы калган мал-мүлкүбүздү тартып алды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Андай болсо кел, сен биз менен жекеме-жеке ойноп жеңип ал, кыйын болсоң, эгер женилсең мал-мүлкүн биздики, – дешет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →