макулук
- Тирүү жан, жалпы эле жан-жаныбарлар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…үн ыйлап, / Асманга тийген ай ыйлап, / Зыркырап жылдыз зар ыйлап, / — Карап турган кашында, / Калың кыргыз калкы ыйлап, / Жерге чыккан чөп ыйлап, / Жан-жаныбар макулук / Калбай баары бүт ыйлап, / Кайың терек, тал ыйлап, / Заңгыраган тоо ыйлап, / Асман тиреп бой керген, / Арсак Алатоо ыйлап, / Аккан дайра суу ыйлап, / Чалкып ж…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Бу да бир күн көрөйүн деген макулук,— деп Бурмаке тийгизбей койгон.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Айланайын аке, адам баласы кантип тайлак болуп жүрсүн, бекер жанын кыйнабасаң, бу деле кудайдын бир макулугу турбайбы, – дешти.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →