макул

китептерде 135 жолу, 10 китепте
  1. Ылайык, туура көргөндүктү билдирүү иретинде колдонулуучу сөз.
  2. Ошондой болуусу жөндүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Барган жерде макул деп, / Маа кошулса жакшы кеп, / Калкынан качкан караан деп, / Карабаса кийин кеп, / Элинен азган кишиге, / Эки жылга эл жок, деп, / Жеринен азган кишиге, / Жети жылга жер жок деп, / Жеткирлер айткан бу бир кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Макул деп алды Алооке, / Алооке берген арбын мал, / Мага болду береке, / Алооке бербей турбады, / Кара тайдын колкосу, / Үзүлбөй эки ай чубады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ — Макул болот абаке, / Мен табайын эми эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— Макул,— деп ал менин сөзүмө кошулду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Кемпири макул болуп, хандын акыпы боюнча бал жана уу ачытат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →