максым
- Талкандан жасалган ачымал, суусундук, ачытылган жарма.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сыр алдырбай кемпири, / Кайнатып койгон чайды алды, / Ачыткан максым жарманы, / Бышырып койгон токочун, / Алып келип койгону, / Алып келген тамакка, / Келген балдар тойбоду, / Ошону менен унчукпай, / Жаткырып муну койгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…урбай, / Карта менен жал койуп, / Жайа бычып май койуп, / Казы кертип да койуп, / Арактан кошо куйдуруп, / Карысы менен жашына, / Жайы менен сундуруп, / Экчеме максым, жармасы, / Эркинче ичип канчасы, / Төштүктүн толгон кези экен, / Кымызы дайра суу экен, / Арагы чалкып көл экен, / Аш-тамагы көп экен, / Телегейи тептегиз, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →