максат
- Көздөгөн тилек, каалаган ой, ишке ашырууга ниеттенген маселе.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тартчуу боосун кармады, / Мойнуна муну салганы, / Узунбу, кыска өмүрү, / Өлгүнчө уулга арнады, / Көзү көрүп энеси, / Байкап муну калганы: / “Ээ, кудай, шүгүр өзүңө, / Торгой шерге жарады, / Максатка жеткир жараткан, / Жан кылган соң адамды, / Калганда өзүң билесин, / Пайдасы менен залалды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Башыңарды кесемин, / Байланып алып кетемин, / Кененимге беремин, / Максатыма жетемин, / Найзага башың илемин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ “Мас максатын айтат” деп, / Мас тарабай аттанган, / Оозуна келген сөздү айтат, / Жеңип алса Таласты, / Кылары ошол алашты, / Ойлогонун бүт айтат, / Койкүрөң менен койгулап, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Анын бир максаты: алдынан кезиккенин атуу, кан төгүү, кыруу, мал мүлкүн талоо, чарбаны бүлдүрүү...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
"Жигит" өзүнүн бара турган жери менен максатын айтып берет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →