макмал

китептерде 20 жолу, 6 китепте
  1. Тыгыз, түктүү жумшак мата.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көрпөчө кызыл макмалдан, / Кылка чети саймадан, / Келбетин көргөн келиндин, / Сыртынан көрүп таңданган, / Жандай басып күйөөсүн, / Ак маралдай шаңданган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…бектин катыны, / Жасаган үйдү барынча, / Он кертимден жүк жыйып, / Жүгүнө гилем жаптырып, / Алакийиз, түрдөмө, / Тикмелерин жаздырып, / Айу талпак, көлдөлөң, / Макмал менен тыштаган, / Бар керегин жам кылып, / Мына минтип Зулпукан, / Элдин алды келет, деп, / Күтүнүп болду тайарлык, / Келбетүү келген келиндер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Маңдай жакта көрпөчө, / Макмалдан түгү бөлөкчө, / Шибер ыраң көйгөлгөн, / Миң кубулжуп өзгөргөн, / Тилдүүлөрдүн жоргосу – / Ажыбек барып олтурду, / Ал аңгыча ашпоздор, / Алдыга тамак толтурду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сууту канган абдан, / Жүгүрсө буга үн жетпей, / Өзү чалыш макмал жүн, / Басканына жел жетпей, / Оозуна бала ээ болбой, / Ойноп турат кайсаңдап, / Текечинин темир көк, / Койкоңбайдын Койчабдар, / Сугатчынын Карасур, / Жыгашчы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кыштын күнү болгондо, / Колу үшүп кетет деп, / Кой макмал менен каптаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →