макал
- Турмуштук тажрыйбанын негизинде эл тарабынан түзүлгөн акыл насаат берүүчү кыска, элестүү, таасирдүү сөздөр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ “Туура бийде тууган жок, / Туугандуу бийде ыйман жок” / Бул макалды сага айттым, / Эртең эле келгенде, / Эсебин алчу мен бармын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эзелден элдин макалы: / “Эли сүйгөн эр өлбөйт, / Эр жетилткен эл өлбөйт, / Өлсө дагы арбагын, / Тирүү сыйлап жар салып, / Эли эстеп өлтүрбөйт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ “Манасты Баймат унуткан, / Кимди унутпай калсын” – деп, / Элге калды макал кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ — “Хандан келген ыңырчак, / Канча күнү туйлайт” деп, / Карылардан калган кеп, / Бул макалдын баары чын, / Айтылбаган жалган кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Эп келсе айткан кеңеш кеп, / Таласты карай жылабыз, / “Үйлүү жоо” деген макал бар, / Эл күчүнө тайанып, / Анан уруш кылалык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →