майыш

китептерде 49 жолу, 8 китепте
  1. Ийилүү, ийиле түшүү, бир жакты көздөй майтарылган абалда боло түшүү.
  2. өт. Кыйналган абалда болуу, кыйынчылыкты көтөрө албаган баш ие баштаган абалда болуу, чабалдык кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, кеп айтам, / Кебиме кулак сала алсаң, / Айткан кепке көнө алсаң, / Канча күндөн бер жакка, / Карчашта жүрүп калганда, / Кардым ачып кайышып, / Кабырга сөөгүм майышып, / Сени менен тең жүрөр, / Калбады алым алышып, / Чыдаар алым калган жок, / Карчылдашып салышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…, / Оолжуп тиктеп турганда, / Алды жаккы төө тыныш, / Жабыла жайнап эл келет, / Көтөрө албай көптүгүн, / Капчыгай ичи теңселет, / Желеги жол-жол сарыдан, / Жер майышкан көп адам, / Кайдан келди экен? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Келе жаткан чоң дөөгө, / Жакын жетти жарашып, / Аттан түшө калышып, / Салам кылды майышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эринден тешип эр Чубак, / Талпаңдай басып барыптыр, / Оң жагында канжыга, / Башты байлай салыптыр, / Чубак атын мингенде, / Былк эте албай Көктеке, / Багалчеги майышып, / Араң турат кайышып, / Чечекейи чекчейди, / Бут шилтебей тайышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аты чыккан алсын, деп, / Угузуп элге жар кылып, / Тамашага тайарлык, / Балбаныңды жам кыл, деп, / Жекеге чыгып сайышар, / Жөө күрөштү канчасы, / Көөдөндөшүп майышаар, / Турбагының кам кыл, деп, / Алдын ала камынып, / Кем-керчи жок жай кыл, деп, / Алдырып салсак окустан, / Арман кылбай калгын, деп, / Чогууга келген бул журтт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →