майтар

китептерде 15 жолу, 6 китепте
  1. Көбүнчө миздүү, кырдуу, учтуу нерселердин мизин, кырын, учун ийип кайруу, уруп, чаап майыштыруу.
  2. өт. Күчүн, кайратын кайтаруу, сокку берүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жедигер отуз эки миң, / Калың колду аралап, / Майтарылып жүрөгү, / Найза салып балта чаап, / Талыккандыр билеги. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…л орунун жанында, / Он эки калдай, жүз балбан, / Жүз отуз миң черүү бар, / Уруп кеткен кытайда, / Кара башыл адамдын, / Уругун төккөн кору бар, / Ошонун баарын майтарган, / Жайып койдой кайтарган, / Бешкулак деген зору бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Он эки сан Жедигер, / Курчаган колун майтарган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Душманыңды майтарса, / Эмгегиңди кайтарса, / Бойго жеткен, башы ачык, / Бүлө кылып алып кал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…нгондо, / Он тогузда аттандым, / Чамбыл менен Ташкендин, / Арасында чуу салдым, / Кара калпак, түркмөндү, / Катары менен колго алдым, / Багдат менен Мисирди, / Майтардым анын мизини, / Эч кимиси бузалбай, / Башкаргамын ишимди, / Испан менен иранды, / Айдадым койдой буларды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →