майрам
- Белгилүү бир көрүнүктүү окуяны белгилөөгө арналган салтанаттуу күн.
- Кандайдыр бир кубанычтуу окуяга байланыштуу көңүл ачуу салтанаты, оюн-күлкү, кубаныч, шаттык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Майрамдарда жыйналып арак ичип, бийлеп үйдү төбөсүнө көтөрүп, жабыла ырдап жыргап жатканда, мен көчөдөн кетип баратып терезесинен көрүүчү үйлөр кайда!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →